ЖОЖдордун биринде декандын орун басарын кармады, Ал студенттерден пара талап кылган

УКМК билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралардын комплексин жүргүзүүдө Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окутуучулары тарабынан студенттерден системалуу түрдө акча чогултуу фактысын аныктады.

27-майдан 29-майга чейин КӨЭУнун гуманитардык-педагогикалык факультетинде Кыргызстандын тарыхы боюнча мамлекеттик экзамендер өтүп, анын жүрүшүндө аталган факультеттин деканынын орун басары Д.у.Д., экзамендик комиссиянын мүчөлөрү К.У.Б., А.О., К.Р., А.Н. жана А.А. менен сүйлөшүп, студенттерге жасалма тоскоолдуктарды жаратуу аркылуу, алардын ар биринен 1500 сомдон талап кылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, экзамендин эки күнүндө студенттерден болжол менен 300 миң сомго жакын акча каражаты чогултулган.

Топтолгон материалдардын негизинде, 28-майыа УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, декандын орун басары Д.у.Д. УКМКнын тергөө абагына камалды. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарга карата далилдерди чогултуу жана документтештирүү боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Related posts

15-майга карата күтүлгөн аба ырайы 

admin

Рамзан Кадыровдун 18 жаштагы уулу Жаштар иштери боюнча министр болду

admin

Күндүз +11ге чейин жылуу — 21-декабрга аба ырайы

admin

Комментарий