15-майга карата күтүлгөн аба ырайы 

Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 15-майда Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас облусунда +25…+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27…+32, Ысык-Көл облусунда +20…+25, Нарын облусунда +19…+20 градус жылуу болот.

Ал эми абанын температурасы Бишкек шаарында +27…+29 градус болушу күтүлөт.

Related posts

Президент Садыр Жапаров билим берүү кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

admin

Садыр Жапаров Бишкектеги хостелде чыккан мушташ боюнча үн катты

admin

Жол кырсыгына кабылган окуучулар кайсы мектепте окугандыгы айтылды 

admin

Комментарий