Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүнө асфальт басылды

Бишкек шаарында И.Ахунбаев көчөсүндөгү жол тилкеси капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Ага ылайык, аталган көчөнүн Ч.Айтматов жана А.Токтоналиев көчөсү менен чектелген бөлүгүнө асфальттын биринчи катмары басылып бүттү. Анын калыңдыгы 6 сантиметр. Эми бир апта ичинде 5 сантиметр калыңдыктагы асфальттын экинчи катмары басылат.

Учурда подрядчы ишкана жол тилкесиндеги канализация кудуктарынын айланысынан асфальтты сыйрып, тегерете бетондоп, экинчи катмардын деңгээлине көтөрүү жумуштарын аткарууда. Курулуш талаптарына ылайык, бетон катыгандан кийин экинчи катмарына майдаланган таш мастик асфальт төшөлөт.

Андан тышкары Ахунбаев көчөсүнүн А.Токтоналиевден А.Малдыбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө эски асфальт сыйрылып, эки четиндеги бордюрлар демонтаждалып, асфальт басууга даярдалууда.

И.Ахунбаев көчөсү Ч.Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин 4 этап менен капиталдык оңдоодон өтөт. Жалпы узундугу 2,4 чакырым. Дал ушундай эле капиталдык оңдоо жумуштары Байтик Баатыр көчөсүндө да жүрүүдө. Аталган көчө А.Токомбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин жабылган. Ортодогу И.Ахунбаев жана А.Сүйөркулов көчөлөрү унаа кыймылы үчүн ачык.

Related posts

Бишкекте кызга күч колдонуп, 98 миң сомун тартып алган шектүү кармалды

admin

«Тилине ийне менен сайгылачу». Ошто сабалган эгиз кыздардын ишин Акыйкатчы көзөмөлүнө алды

admin

Өлкөдө жыл башынан бери 19 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү төлөндү

admin

Комментарий