Кытайда ишкана кызматкерлерине арыктаганы үчүн сый акы сунуштады

Өткөн жылдын башында Кытайда ишкана кызматкерлерине арыктаганы үчүн сый акы сунуштап, ага 150 адам катышуу менен жалпы 800 килограмм салмак ташташкан.

Программанын форматы боюнча спорттук лагерге окшош. Анда адамдар 30 кишиден топторго бөлүнүшүп, үч ай бою алардын ийгилигин көзөмөлдөшөт. Каалоочулар көп болгондуктан, ишкана толук адамдар үчүн атайын квота бөлүүгө туура келген. Долбоордун фонду 144 миң долларды түзгөн. Арыктоо программасынан өтүп жаткан топтор ар аптада таразага түшүп турушкан. Жалпы салмактан ар бир ташталган жарым кило үчүн бардык катышуучу 55 доллар алган. Бирок топтун салмагы жогорулай турган болсо, анда катышуучуларга 70 доллар айып пул салынган. Жыйынтыгында жамааттык жоопкерчиликтин эрежеси ишке ашкан. Программа башталгандан бери бир да кызматкер салмак кошкон эмес. Кызматкерлер спорт менен активдүү машыгып, бири бирине ийгиликке жетүү үчүн шык берип келишет.

Related posts

Назарбек Шералиев Камчы Көлбаевдин идеологиясын колдобой турганын айтты

admin

Майлуу-Сууда тургундарга таза суу бериле баштады  

admin

КР УКМК: Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо фактысы боюнча чет өлкөлүк жаран кармалды

admin

Комментарий