Депутат Самыйкожо: «Аймактарды бириктирүүдө эл менен эсептешпесек чекилик болот»

«Аймактарды бириктирип жатканда аты, аймактык бөлүнүшү туура эмес болууда. Мисалы, Көлдө Тору-Айгыр, Тамчы айыл өкмөтү бириктирилди, Тору-Айгыр К.Тыныстанов атын бергиле десе, Тамчы чыгат, И.Ахунбаев, Б.Миңжылкыевдин ысымын бергиле дейт. Бул сыяктуу нерседе ортолукка келип, чечим кабыл алыш керек. Мындай маселе бардык аймактарда бар, бул элдин үнү, эл менен эсептешпесек чекилик болот”. Бул пикирди депутат Мирлан Самыйкожо административдик-аймактык реформаларга байланышкан мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеште кароо учурунда билдирди.

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңеш административдик-аймактык реформага байланышкан мыйзам долбоорлору каралып, биринчи окууда кабыл алынды. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин тийиштүү мүчөлөрү катышты.

Related posts

Уюмда бирдиктүү финансы рыногун түзүү үчүн ЕЭК мүчө мамлекеттер менен системалуу иштерди жүргүзүп жатканы белгиленди.

admin

УКМК: КР Ички иштер министрлигинин Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору системалуу түрдө акча чогултканы үчүн кармалды

admin

УКМК: Сокулук районундагы 436 гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий