Садыр Жапаров «Каркыра» тоо-эс алуу комплексинин курулушун баштап берди (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров кече 6-декабрда Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында “Каркыра” тоо-эс алуу комплексинин курулушун баштап берди.

Мезгил кутусун салуу аземинин алдында инвесторлор долбоордун концепциясына ылайык, жыл бою иштей турган комплекс эл аралык деңгээлге жооп бере тургандай курулуп, ал эс алуу зонасы макамына ээ болоорун атып беришти. Долбоордун инвестициялык бюджети 191 миллион доллар өлчөмүндө жана алты этап менен курууга эсептелинген. Иш-чарага келгендердин алдында сөз сүйлөп жатып, мамлекет башчысы төрт мезгил бою туруктуу иштей турган “Каркыра” жаңы, заманбап тоо-эс алуу комплексинин курулушун баштоонун дагы бир жакшынакай саамалыгына бүгүн Кыргызстан эли күбө болуп отурганын белгиледи.

“Кыргызстандын, айрыкча, Ысык-Көл өрөөнүнүн жайы эле эмес, кышы да өзгөчө керемет. Бир эле “Каракол” лыжа базасын ала турган болсок, КМШ өлкөлөрүндөгү кышкы эс алуу жайларынын ичинде алдыңкы орундарды ээлеп келаткандыгы, чет өлкөлөрдөн келген туристтердин бул лыжа базасына, дегеле, Ысык-Көлдүн кышкы жаратылышына суктанган пикирлеринин арбындыгы буга далил деп ойлойм. Мындан сырткары, ар жыл сайын “Каракол” лыжа базасына ички жана тышкы туристтердин келишине, узакка кезек күтүүлөрүнө баарыбыз эле күбө болуп жүрөбүз. Мындай шартта бүгүнкү “мезгил кутусу” салынып, пайдубалын түптөлүп жаткан жана төрт мезгил бою туруктуу иштей турган “Каркыра” тоо-эс алуу комплексинин курулушу мезгилдин талабы, туристтердин күткөн тилеги десем жаңылышпаймын”, — деди президент.

Related posts

Бишкекте автобус айдоочу бакты сүзүп, 5 адам жабыркады

admin

Милициянын капитаны Курманбек Токобаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

admin

Кытайда жер титиреп, 100дөн ашуун адам каза болду (видео)

admin

Комментарий