«Ая, айыгып кет». «Город 312» тобунун жаңы ырчысы сахнада ага арнап ырдады

«Город 312» тобунун ырчысы Аянын (чыныгы аты-жөнү Светлана Назаренко) ордуна Диана Макарова аттуу ырчы келди. Светлана Назаренконун коронавирустан улам ден соолугу начарлап, долбоордон кеткен.

Ал коронавируска үч жолу чалдыгып, анын ар бири оор өткөн. Жыйынтыгында ырчынын өпкөсү олуттуу жабыр тарткан. Адегенде ал чыгармачыл тыныгуу алып, бир жылдан кийин абалы өзгөрбөгөн соң, топко жаңы ырчынын чакыруу чечими кабыл алынган.

Кечээ, 16-июнда «Город 312» тобунун Инстаграмдагы баракчасында «Ая, айыгып кет» деген билдирүү менен коштолгон видео жарыяланды.

Related posts

Кайрат Иманалиев: УТРК Футбол боюнча Дүйнө Чемпионатын үзбөй көрсөтөт

admin

Орто АЗияда жакынкы жылдары сугат суу 50 пайызга чейин азаят

admin

 Саламаттык сактоо министри болуп Гүлнара Баатырова дайындалды

admin

Комментарий