Ташиев УКМКнын бала бакчасынын ачылышына катышты

 18-июнда Бишкек шаарындагы “Көк-Жар” жаңы конушунда 100 орунга эсептелген “Мекендин келечеги” бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. УКМКга караштуу бала бакчанын ачылыш аземине УКМК төрагасы КамчыбекТашиев, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.

Ташиев өз куттуктоо сөзүндө өсүп келе жаткан муундун татыктуу келечегин жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу УКМКнын негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи. Мындан тышкары төрага УКМК кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, алардын кызматтык жана күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна өбөлгө болоорун кошумчалады. Мындан улам, учурда республиканын бардык аймактарында УКМКга караштуу бала бакчалардын ачылышы күтүлүүдө.

Related posts

Нурланбек Шакиев Координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү

admin

Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт — 6-ноябрга карата аба ырайы.

admin

Сосновка постунда да оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

admin

Комментарий