Шыкмаматов президенттин жардамчысы болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Шыкмаматов Алмамбет Насырканович Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы болуп дайындалды.

Ал өткөн жылдын сентябрь айында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси болуп дайындалган. Ага чейин «Бишкек» эркин экономикалык аймактын жетекчилик кызматын аркалаган.

Related posts

Январдан тарта Илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт

admin

Камчыбек Ташиев: «Ош шаарына кирүүчү альтернативдик жолду декабрь айына аякташ керек»

admin

Азимбек Бекназаров элдик курултайга катышууга моралдык акысы жок

admin

Комментарий