Ош аэропортунан 13 жаштагы кыз уурдалып, шектүү колго түштү

Кечээ кечинде Ош аэропортунан 13 жаштагы кыз уурдалды. Бул тууралуу облустук Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыздын ата-энеси милицияга кайрылып «Перехват» планы жарыяланган.

«Киа К5 үлгүсүндөгү унаа менен Баткен облусу тарапка алып кетишкен. Натыйжада машина Ноокат районунан кармалды. Анын айдоочусу 31 жаштагы Кызыл-Кыя шаарынын тургуну болгон», — деп айтылат маалыматта.

Иштин материалдары РИИБге өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.

Related posts

«Бекболот Талгарбеков: «Ташиев мекеним деген чыныгы эр азамат. Кыргыз Республикасынын баатыры» наамына татыктуу»

admin

Боомдо жол эки тараптуу ачылды

admin

КР УКМК: «Асман Көзөмөлү – 2025» Антитеррордук машыгуусу боюнча

admin

Комментарий