Ош аэропортунан 13 жаштагы кыз уурдалып, шектүү колго түштү

Кечээ кечинде Ош аэропортунан 13 жаштагы кыз уурдалды. Бул тууралуу облустук Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыздын ата-энеси милицияга кайрылып «Перехват» планы жарыяланган.

«Киа К5 үлгүсүндөгү унаа менен Баткен облусу тарапка алып кетишкен. Натыйжада машина Ноокат районунан кармалды. Анын айдоочусу 31 жаштагы Кызыл-Кыя шаарынын тургуну болгон», — деп айтылат маалыматта.

Иштин материалдары РИИБге өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.

Related posts

Президент: “Кумтөр” алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылды

admin

УКМК: Мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөр мамлекетке кайтарылды

admin

7-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий