7-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

7-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, кар жаашы күтүлөт.

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+29

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12°, күндүз +21…+23° жылуу болот.

Related posts

Кумтөр Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы социалдык жактан муктаж үй бүлөлөргө жардам көрсөттү

admin

«Бетиңер чымырап жатса керек. Контрабандисттер менен биригип алгандар бар». Ташиев чек арачыларга эскертүү кылды

admin

Татарстанда фермадагы өрт алты мигранттын өмүрүн алды

admin

Комментарий