«Орусия сулуусу-2024» сулуулар сынагында чувашиялык 18 жаштагы Валентина Алексеева жеңүүчү деп табылды. Ноябрда ал Мексикага «Аалам сулуусу» сынагына барат.
Биринчи жана экинчи вице-мисс наамдарын Тольяттиден Ирина Миронова жана Санкт-Петербургдан Ульяна Евдокимова алышты. Быйыл сынакка 85 миңден ашык кыз катышуу ниетин билдирген, бирок алардын ичинен 50сү гана финалга чыккан.