«Тазалыктын» кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ишкананын айрым кызматчыларына 134,2 тонна жалпы суммасы 7 миллион 179 миң 498 сомдук күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз түрдө берүү менен бюджеттик каражатты коротуп жиберген фактысы аныкталган.

Такталгандай, “Тазалык” ишканасынын жооптуу кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы туруп, мыйзамдын талаптарын одоно түрдө бузуп, 2022-2024-жылдарда мыйзамсыз буйруктарды чыгарып, ишкананын айрым кызматчылары менен жеке унааларын кызматтык максатта пайдалануу жөнүндө формалдуу келишимдерди түзүп алышып, күйүүчү-майлоочу майды өздөрүнүн жана башка кызматчылардын жеке кызыкчылыктарына колдонуп келишкен.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Related posts

Ленинград курчоосунда калган 150 баланы баккан Токтогон Алтыбасаровага арналган эстелик ачылды

admin

Бишкектик окуучу Айдар Каныбеков Тайландда Муай -Тай боюнча чемпионатта байгеге ээ болду

admin

29 жылдан бери дүйнө чемпионатынан медаль алып келген балбандардын тизмеси

admin

Комментарий