Болгону 27 жашта эле. Жаш ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болду

Боом капчыгайындагы жол кырсыгынын кесепетинен ырчы Бекжан Темирхан каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 11-ноябрга караган түнү саат 22:30да Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында орун алган. Кырсыктын кесепетинен унаа оодарылып, болжол менен 100 метр бийиктиктеги жардан кулап кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, “Мерседес” унаасынын айдоочусу У. уулу Т. рулду башкара албай калган. Алган жаракаттарынан улам айдоочу Кемин райондук ооруканасына жаткырылган. Ал эми унаанын Т. уулу Б. аттуу (ырчы Бекжан Темирхан) жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда экспертизалар дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда.

Related posts

Касымалиев: 2025-жылы кеминде 100 жаңы индустриялык долбоор ишке кириши керек

admin

Кыргызстан дүйнөдөгү эң коопсуз өлкөлөрдүн рейтингинде алдыңкы орунга жылды

admin

Чынара Мамажакыпова: «Мен Президентим Садыр Жапаровго жана анын командасына ишенем»

admin

Комментарий