«Таракан кууп, этиканы бузуп дейсиңер». Эрулан Кокулов нааразычылыгын айтты

Жогорку Кеңеш менен өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда жаңжал чыкканы турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов билдирди.

«Силер чоң жумуштарды аткарып жатасыңар, бирок коррупция бүтпөй жатат. Барып «бул жериңер жакшы болбой жатат» десе эле ызырынып, кийлигишпегиле деп. Мен депутатмын. Эл өкүлүмүн. Министрлер кабинетинен жеке өзүмө эч нерсе кереги жок, мен силерге барсам, элдин көйгөйү менен барам. Мени кабыл алышыңар милдет. Мамлекеттин кызматкеринин этикасын силер бузуп жатпайсыңарбы. Бир нерсе айтсам эле жашоомо асылып, таракан кууп жүргөн, этика бузган дейсиңер. Ушул мамкызматкердин сөзүбү? Мени 19 миң шайлоочу шайлаган», — деди депутат.

Related posts

5-январга карата аба ырайы

admin

Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри кызматынан бошотулду

admin

Ысык-Көлдө кыз ала качкан шектүүлөр кармалды

admin

Комментарий