Бишкекти каптаган кара түтүн кайтып келеби? Бакыт Төрөбаевдин жообу

«Быйыл кара түтүн аз болот» деп билдирди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 9-октябрдагы парламент жыйынында.

«Биз иштеп жатабыз. Мурда газдаштыруу кыйын болсо, азыр от казандарды ижарага алууга уруксат бердик. Ижарага алгандардын саны көбөйдү. Тариф боюнча да иштеп жатабыз», — деди ал.

Төрөбаевдин айтымында, Бишкек мэриясы текстиль калдыктарын өрттөгөндөргө айып пул салат. «Өткөн жылы түтүн аз болгонун көрдүк. Быйыл түтүн дагы азыраак болот», — деп кошумчалады ал.

Related posts

Баракелде! Жалалидин Абдувалиев Азиянын паралимпиада оюндарында күмүш жеңди

admin

7-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Ташиев: «Мурда милиция кызматкерлерине эмес, чек арачыларга бронежилет жетпейт эле»

admin

Комментарий