Республика боюнча 614 миң га кунарсыз жайыт жерлерин өздөштүрүү зарыл


Кыргыз Республикасында такталган 614 миң га кунарсыз жайыт жерлерин өздөштүрүү жана пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтомунун негизинде айыл чарба багытында чарба жүргүзүүчү субъектерге жогоруда көрсөтүлгөн токтомдогу тартипке ылайык өздөштүрүүгө жана пайдаланууга берүүнү Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары жана өз алдынча башкаруу органдары менен биргелекте ишке ашырууга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кызыкдар. Кунарсыз жерлерди өздөштүрүү жана пайдалануу өлкөнүн айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт. Жогоруда облустар боюнча кунарсыз жерлердин аянты көрсөтүлөт.

  1. Ош облусу боюнча 52156,42 миң га
  2. Жалал-Абад облусу боюнча 92843,85 миң га
  3. Ысык-Көл облусу боюнча 112294,81 миң га
  4. Талас облусу боюнча 68374,43 миң га
  5. Нарын облусу боюнча 136289,72 миң га
  6. Баткен облусу боюнча 138395,8 миң га
  7. Чүй облусу боюнча 13694,37 миң га кунарсыз жерлер бар.

Related posts

УКМК: Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар өлкөдөн чыгууга аракет кылышкан

admin

Мирбек Атабеков Мээрим Төлөпбергенге үй алып берди

admin

11-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий