Бүгүн 1-класска электрондук каттоо башталды 

Биринчи класска мектепке электрондук каттоо бүгүн, 10-апрелде саат 9:00дө башталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этап – жашаган жерине карабастан (26-июндан 31-августка чейин). Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл. Сиздин суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар. 10-апрелден тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 18:00гө чейин жарандарга кеңеш берүү үчүн чалуу борбору (110 телефону) иштей баштайт. Чалуу акысыз.

Related posts

28-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

«Катуу шамал үйүмдүн чатырын учуруп кетти» деген жарандын видеосу тарады

admin

«5 тонна алтынды сатып». Балбак Түлөбаев монорельс курууну дагы сунуштады

admin

Комментарий