Мигранттарды Европага мыйзамсыз ташуу менен алектенген чет элдик жаран кармалды

ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери мамлекеттик чек арасынан өтүүгө аракет кылган учурда Интерпол линиясы боюнча издөөдө жүргөн 1978-жылы туулган Ф.С. аттуу чет элдик жаранды «Манас» эл аралык аэропортунан кармашкан. Бул жаран Румыниянын Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси, 1 жана 2-пункту боюнча мигранттарды Европага мыйзамсыз ташууну уюштурганы үчүн айыпталууда. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 20-ноябрында Румыниядан чыгып бара жаткан «Нэдлак II-Чанадпалота» көзөмөл-өткөрүү жайында Ф.С. айдап бараткан жүк ташуучу унаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда Румыниянын чек ара полициясынын кызматкерлери жүк сактоочу жайдан Румыниянын мамлекеттик чек арасынан Европаны көздөй мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган араб тектүү 28 чет элдик жаранды табышкан. Кармоо Интерполдун кызыл билдирүүсү (экстрадиция, экстрадиция же ушуга окшогон соттук аракеттерди күтүп жаткан адамды табуу жана убактылуу камакка алуу боюнча бүткүл дүйнө боюнча укук коргоо органдарына кайрылуу) жарыялангандан кийин болгон.

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан Ф.С. мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн Сокулук РИИБдин тергөө кызматына жеткирилди.

Related posts

ИИМ: Өлкөдө Жаңы жыл түнү окуясыз тынч өттү

admin

КР УКМК: Курулуп жаткан «ПП» турак үйүнүн жер төлөсү (цоколдук жайы) мамлекетке өткөрүлүп берилди.

admin

Жаңы жылдык майрамда кыргызстандыктар канча күн эс алат?

admin

Комментарий