Арстанбаптагы селдин себептери аныкталып, кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Арстанбап айылында болуп өткөн селдин себептери жана шарттары боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдары тарабынан 2006-2019-жылдар аралыгында суу коргоо зонасында жайгашкан 15 жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Андан соң Арстанбап-Сай дарыясынын жээгинде бир катар соода объектилери курулган.

2024-жылдын 23-июлунда болгон селдин кесепетинен Арстанбап-Сай дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, анын кесепетинен ички чарбалык жолдордо сел жүрүп, имараттарды, соода объектилерди жана турак жайларды сел каптап, аймакта өзгөчө кырдаал абалы түзүлгөн. Башкача айтканда, Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жана жеке жактарга 24 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Related posts

8 балалуу эне: «Жолдошум «мени сенин туугандарың каматты» деп таарынып, Орусияга кетип калды»

admin

Талас шаарында өткөн жөө жүрүшкө куткаруучулар аттар менен келишти

admin

Сирияда козголоңчу топторду Коргоо министрлигине бириктирүү аракети жүрүүдө

admin

Комментарий