ПРЕСС-РЕЛИЗ2025-жылдын 21-апрели

КР УКМК: Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин биринде тиешелүү уруксат кагаздары жок жүргөн 27 чет элдик жаранды мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды

   УКМК мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин биринде тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок 27 адамдан турган чет элдик жарандарды мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктады.
   Тартип бузгандар жана цехтин өкүлү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине жеткирилип, тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматкерлерге өткөрүлүп берилди.
   Компетенттүү органдар текстиль өндүрүшү жаатындагы иш берүүчүлөрдү колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин так сактоого жана терс кесепеттердин келип чыгышына жол бербөө үчүн чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз пайдалануу фактыларына жол бербөөгө чакырат.

Related posts

Сокулукта 26 жаштагы келин мал сарайда асынган абалда табылды

admin

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев УКМКнын Нарын облусу боюнча жаңы имаратын ачты

admin

Эми дагы бир тапшырма бар, — Камчыбек Ташиев базарлардагы контейнерлер боюнча

admin

Комментарий