17-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан аралаш кар, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу автожолдордо кар жаап, тоңголок болот. Республиканын кээ бир райондорунда туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, айрым аймактарында -2 суук болуп үшүк жүрөт, күндүз +4…+9

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9

Нарын жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, карга айланышы мүмкүн, күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 7…9° жылуу болот.

Related posts

Салык кызматына 32 жыл. Статистикалык маалыматтар

admin

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы кызыл сызыкка чыгып кеткен 200дөн ашык объектти бузду

admin

«Бул мен үчүн сыймык» дейт Маданияттын мыкты кызматкери болгон Каныкей

admin

Комментарий