Садыр Жапаров Казань шаарына барат

Президент Садыр Жапаров 23-24-октябрда Татарстан Республикасына (Казань) БРИКСтин XVI саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“24-октябрда Казань шаарында БРИКСтин XVI саммитинин мамлекет башчыларынын жыйыны болот. Алдыдагы жыйынга көп тараптуулукту чыңдоого, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого жана глобалдык күн тартибине багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат”, — деди Муратбек Азымбакиев.

Related posts

Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек араны делимитациялоону аяктады – Жапаров

admin

Президент Садыр Жапаров Апрель революциясында курман болгондорду эскерди   

admin

26-январда Кыргызстанга Шавкат Мирзиеев келет

admin

Комментарий