Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек араны делимитациялоону аяктады – Жапаров

Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессин аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке мамлекеттик иш сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКлар үчүн билдирүүсүндө белгиледи.

“Бүгүн биз үчүн тарыхый күн. Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессин аяктап, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы тууралуу келишимдин грамотасын ратификациялоо менен алмашып, чек ара маселесине чекит койду.

Чек ара маселесинин биротоло чечилиши боордоштук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүдө, чек ара байланыштарын чыңдоодо негизги ролду ойнойт, ошондой эле Борбордук Азия аймагында туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого салым кошот деп ишенем”, — деди ал.

Related posts

Бишкек-Балыкчы каттамына жаңы ВИП вагон ишке киргизилди

admin

Жалал-Абадда жаандын кесепетинен үй короолорун суу каптады (сүрөт)

admin

Москвада Кыргызстандын миграция министрлигинин өкүлчүлүгү ачылат

admin

Комментарий