Нурлан Мотуев кармалды

Нурлан Мотуев расалык, этникалык, улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

16-октябрь күнү Бишкек ШИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Инстаграмда мониторинг жүргүзүү учурунда улуттук аз өкүлдөрүнө карата терс ой-пикирин айтып жасаган видео жарыялаганы аныкталган. Анда ал улуттун аз өкүлдөрүн басынтып, алардын улутуна ар кандай мүнөздөмө берүү менен коомчулукту интернет желелери аркылуу үгүттөп, улуттар аралык кастыкты козутууга аракет кылган.

Аталган факты боюнча тергөө иштеринин алкагында дайындалган экспертизалардын корутундусуна ылайык, изилдөө үчүн берилген материалдарда адамдын улуулугун, улуттук таандыктыгы боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун лингвистикалык белгилери бар болгон. Изилдөөгө берилген материалдарда, улуттар аралык касташуунун лингвистикалык белгилери камтылган.

Анын негизинде Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

1969-жылы туулган шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө иштери уланууда.

Related posts

КР УКМК: Мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 366 миллион 185 миң сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

admin

Босогодо кыш. Кыргызстанда келээрки аптага карата аба-ырайы

admin

Быйыл Кыргызстанда электр энергиясына болгон баа көтөрүлбөйт – Энергохолдинг 

admin

Комментарий