Камчыбек Ташиев Нарын облусунда төрөлгөн 3 эмдин үй-бүлөсүнө батир тапшырды

Бүгүн, 4-ноябрда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Нарын облусунун Нарын шаарында 25-октябрда төрөлгөн 3 эмден кабар алды.
Тактап айтканда, Ташиев Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнө барып, үч эмдин ата-энеси Эрбол Карагулов жана Алтынай Майрамбековага өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 000 сом акчалай белек жана Нарын шаарынан 3 бөлмөлүү жаңы батирдин тийиштүү документтерин тапшырды.


Үч эмге Ажар, Саадат, Анара деген ысымдар ыйгарылган.
24 жаштагы Алтынай Майрамбекованын абалы учурда туруктуу оор, ал эми ымыркайлардын абалы туруктуу экени айтылып, Ташиев аларга бардык керектүү шарттар түзүлөөрүн белгиледи. Ошондой эле, наристелердин саламаттыгын көзөмөлгө алууну жана аталган үй- бүлөдөн кабар алып турууну тийиштүү тараптарга тапшырды.
Өз кезегинде 3 эмдин ата-энеси Президент Садыр Жапаровго жана генерал-полковник Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдиришти.

Related posts

Тарых жаралды! Кыргызстандын футбол курамасы Дүйнө чемпиондугунун 3-баскычына жолдомо жеңди

admin

КР УКМК: Нарын облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге коррупциялык кылмыштар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчилик эскертилди

admin

Бомбанын үстүндө жашашканын билбей… Польшада үй-бүлө 80 жылдай бою жарылбаган снарядды таап алды

admin

Комментарий