Бишкекте студенттер 5-6-ноябрда аралыктан окушат

Бишкекте студенттер 5-6-ноябрда аралыктан окушат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Түркия президентинин, Венгрия премьеринин Бишкекке болчу сапары жана ордо калаада өтчү Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине байланыштуу кабыл алынган.

Эске салсак, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган мамлекеттик, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан расмий сапар менен 5- ноябрда Кыргызстанрга келет. Алар 6-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитине катышат. Ага Азербайжандын, Казакстандын жана Өзбекстандын башчылары  дагы келет.

Мындан улам борбор калаада 5-6-ноябрь күндөрү бала бакчалар иштебей турганы кабарланган. Ошондой эле министрлик, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери бул  аралыктан иштейт.

Кошумчалай кетүүчү жагдай, 7-8-ноябрь майрам болсо, 9-10-ноябрь — дем алыш күндөр.

Баса, мектептер 4-ноябрдан тарта каникулга чыгышкан.

Related posts

Президенттин Ош облусундагы өкүлү сөгүш алды

mediaportalk

КР УКМК: Жети-Өгүз районундагы кайтарылган объекттер жөнүндө

mediaportalk

Ташкентте терроризмге каршы күрөшүү боюнча координацияны күчөтүү маселеси талкууланды

mediaportalk

Комментарий