Камчыбек Ташиев Түркиянын Чалгындоо уюмунун башчысы менен жолугушту

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун башчысы  Ибрагим Калын менен жолугушту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Камчыбек Ташиев эки өлкө ортосундагы көп тараптуу кызматташтыктын маанилүүлүгүнө токтолуп, өзгөчө Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Түркиянын Улуттук Чалгындоо Уюму менен биргеликте ар тараптуу атайын иш-чараларды уюштуруп, алар ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткандыгын баса белгиледи. Ошондой эле төрага Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын маанилүүлүгүнө токтолуп, мындай жолугушуулар эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын кеңейтүүгө чоң салымын кошот деген ишенимин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан Түркия менен эң жакын стратегиялык өнөктөш катары, кайсыл тармак болбосун ар дайым кызматташууга даяр экендиги кошумчаланды.

Өз кезегинде Ибрагим Калын жылуу тосуп алуу жана меймандостук үчүн кыргыз элине ыраазычылыгын билдирип, Түркия лидеринин Кыргызстанга болгон сапары алар үчүн да өтө маанилүү экендигин айтып өттү. Ибрагим Калын өз сөзүндө Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылууда Камчыбек Ташиевдин орду чоң экендигин белгилеп, өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топторду жоюу жана аларды каржылоо фактыларын жок кылуу аракеттерин жана чек ара маселесин чечүүдөгү чечкиндүү кадамдарды мисал келтирди.

Related posts

Депутаттардан акча опузалоого шектелип «Мир24.kg» порталынын директору кармалды

admin

УКМК: Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинде кеңешме өткөрүлдү

admin

Акылбек Жапаров: Биз жалпы өлкө боюнча 5G технологияларын ыкчам өнүктүрүүгө кызыкдарбыз

admin

Комментарий