Дем алыш күндөрү өлкөнүн төрт облусунда күн сууктап, үшүк жүрөт

Дем алыш күндөрү Кыргызстандын түндүгүндө күн сууктап, үшүк жүрөт.

Кыргызгидромет Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында температура нөлдөн төмөн болорун белгиледи.

«Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууга чакырды.

Related posts

 Centerra Кыргызстанга $11 млн жакын өлчөмдөгү дивиденддерди төлөп берет

admin

Бишкекте “Манас” эпосунун күнү белгиленди 

admin

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы чечилди, эми кооптуу көйгөйлөр жаралбайт – активист 

admin

Комментарий