Садыр Жапаров Бакуга барды

Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Баку шаарына (Азербайжан) иш сапар менен барды.

Мамлекет башчынын учагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду. Иш сапардын алкагында 12-ноябрда мамлекет башчысы Климаттык саммиттин ачылыш аземине катышып, конференциянын пленардык сессиясында сөз сүйлөйт. Аталган иш-чара 13-ноябрда өтөт.

Related posts

Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу. Келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол коюлду

admin

Кара-Балтада 600 миң сому уурдалган кемпирге акчасы толук кайтарылды

admin

КР УКМК: Кара-Балта шаардык мэриясынын кызмат адамдары кармалды

admin

Комментарий