Садыр Жапаров Бакуга барды

Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Баку шаарына (Азербайжан) иш сапар менен барды.

Мамлекет башчынын учагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду. Иш сапардын алкагында 12-ноябрда мамлекет башчысы Климаттык саммиттин ачылыш аземине катышып, конференциянын пленардык сессиясында сөз сүйлөйт. Аталган иш-чара 13-ноябрда өтөт.

Related posts

Жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз аба +10° жылуу болот – 2-январга карата аба ырайы

admin

Дастанчы Азиз Батыровдун шакирттери эл аралык сынакта Кыргызстандын намысын коргойт

admin

Ташиев Абхазия жана Армениядан алынып келген автоунаа ээлери менен жолугушту.

admin

Комментарий