Кыргызстанда жакын арада 70 бала бакча жана балдар үчүн 300 борбор ачылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте өткөн Борбор Азия ЖОЖдорунун ректорлорунун жыйынында билдирди.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган иш-чара «Глобалдык чакырыктар доорунда Борбор Азия университеттеринин трансформациясы» деген темада өттү.
Министрдин айтымында, президенттин колдоосу менен билим берүү жана илим тармагына инвестиция көбөйүп, бул багыттагы иштер ырааттуу түрдө уланууда.