Массалык башаламандыкка чыкырык жасаган “Ali Osman” аттуу “Facebook» социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) КР Кылмыш-жаза кодексинин 278 жана 330-беренелери боюнча «Массалык башаламандык» жана «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» деген кылмыш иши боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, активдүү баш ийбөөгө жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына каршы чыгып, массалык башаламандыкка чакырыктарды байма-бай жарыялап келген 1978-жылы туулган К.А.А. аттуу КР жараны аныкталып, кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирет.

К.А.А. өзүнүн мыйзамсыз аракеттерин жашыруу үчүн «Facebook» социалдык тармагында фейк аккаунттарды колдонгон. Анын кошо, ал Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү экени да аныкталды.

Учурда тергөө иштери улантылып, кошумча тергөө жана тиешелүү адамдарды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат. К.А.А. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. УКМК мыйзамда массалык башаламандык уюштурууга жана кастыкты козутууга багытталган аракеттер үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу менен кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

Related posts

«Унааны суу агызып кеткен». Оштогу сел бир адамдын өмүрүн алды

admin

Египеттеги пирамиданын чокусуна чыгып алган ит кайра өзү түштү

admin

«Бала-чакасы бир жылкы сойгонго жарабайт». Акылбек Жапаров мындан ары 100, 150 жана 200 жылдык гана белгиленерин айтты

admin

Комментарий