КР УКМК: КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат башкармалыгынын башчысынын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду

УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу ветеринардык кызмат башкармалыгынын башчысы С.Ж.нын коррупциялык иштери тууралуу маалыматтар алынган.
Тактап айтканда, ири өлчөмдө пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, арыз ээси М.А. этап-этабы менен 6 миң жана 3 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын С.Ж.га өткөрүп берген. Андан ары С.Ж. арыз ээсинин маселесин оң жагына чечүү максатында андан 2 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү сумманын калдыгын талап кылган.
Үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрында С.Ж. 1500 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, ушул жылдын июль айында Кытайлык заводдун өкүлү — А.М. тиешелүү реестрге киргизүү максатында КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат башкармалыгына документтерди тапшырган. Ошол учурда башкармалыктын башчысы С.Ж. жеке сүйлөшүү учурунда А.Мдан акча талап кылган.

Related posts

Кыргызстандыктар 1-январдан 8-январга чейин эс алышат

admin

Суусуз жашоо болбойт. Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүн биргелешип иштөөгө чакырды

admin

Бишкекте телефондук террорист жарым жылга эркиндигинен ажыратылды

admin

Комментарий