Япондуктар Кыргызстанда ГЭС курушат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Япониянын “Muroo Systems Co” компаниясынын президенти Жонсинг Пандыкабыл алды. Тараптар энергетика тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен “Muroo Systems Co” компаниясынын ортосундагы кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандум мындан аркы практикалык кызматташуу үчүн маанилүү документ экенин билдирди.

Ал эми “Muroo Systems Co” компаниясынын президенти гидроэлектростанцияларды куруу боюнча келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташууга жана конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр экенин белгиледи. “ГЭС куруу долбоору ийгиликтүү ишке ашса, биздин көптөгөн компаниялар Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын байкашат, бул Япониядан келген инвестициянын көбөйүшүнө салым кошот“, — деди ал.

Related posts

Энергетика министринин орун басары болуп Таалайбек Байгазиев дайындалды

admin

Чүйдөгү «Теплые ключи” санаторийинде 30дай кишиге кол көтөргөндөр кармалды

admin

Ошто бензин куюлган 3 цистерна темир жолдон чыгып, бир адамды басып калган 

admin

Комментарий