КР УКМКнын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 2024-жылдын 28-ноябрында КР УКМКнын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.
Аталган иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, атайын кызматтын ардагерлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.
УКМКнын жаңы имараты Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрү үчүн курулуп, анда аскер кызматкерлеринин жемиштүү иштеши үчүн бардык заманбап шарттар түзүлгөн жана керектүү жабдуулар орнотулган.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын кызматкерлерин куттуктап, өлкө жетекчилиги тарабынан мындан ары дагы материалдык-техникалык базаны жакшыртуу аракети көрүлөрүн белгиледи.
Аны менен катар улуттук коопсуздук органдары мындан ары да өлкө кызыкчылыгы үчүн жан дили менен жана мекенди сүйүү менен кызмат кылып, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ички саясий курсун сапаттуу ишке ашырууну камсыздай турганын кошумчалады.
Ошондой эле УКМК жетекчилиги тарабынан коопсуздук кызматкерлерине, мекенге кызмат кылууда өз ишине так болуп, коопсуздукту камсыз кылууда болгон күч аракетин жумшоо талабы коюлду.

Related posts

Камчыбек Ташиев: “Биздин өлкөнү күчтүү атаандаш катары карап калышты”

admin

Бүгүн 1-класска электрондук каттоо башталды 

admin

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кемин чек ара заставасынын өзүк курамына автоунаа тапшырды

admin

Комментарий