КР УКМК: Нарын облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге коррупциялык кылмыштар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчилик эскертилди

2025-жылдын 14-январында Нарын шаарында коррупцияга каршы чараларды күчөтүү саясатынын алкагында облустук деңгээлдеги мамлекеттик органдардын жана адистештирилген мекемелердин, Нарын шаардык мэриясынын аппаратынын жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилеринин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерининкатышуусунда жыйын болуп өттү. Иш-чарага жалпысынан 250дөн ашуун адам катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга КР УКМКнын ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү болуп эсептелинээри айтылды. Белгиленгендей, өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдар аралыгында коррупциялык көрүнүштөрдү абсолюттук түрдө жоюу милдети коюлган. Андыктан кызматкерлерге алар тараптан коррупциялык көрүнүштөргө жол берилсе, сөзсүз түрдө жазанын катаалдаштырылышы жөнүндө катуу эскертилди.
Алсак, кеңешменин катышуучуларына Кылмыш-жаза мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, тактап айтканда коррупциялык кылмыштарга күнөөлүү деп табылган адамдар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөгө өмүр бою тыюу салууну, мындай кылмыштар үчүн айыптарды толугу менен алып салууну (келтирилген зыяндын ордун толтуруп берген учурда да), эгерде жубайы/жолдошу же алардын жакын туугандары оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылса, мамлекеттик кызматка кабыл алуудан баш тартуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Мындан тышкары, жазык мыйзамдарына кабыл алынган өзгөртүүлөрдүн алкагында катышуучуларга мурда коррупциялык кылмыштары үчүн КР УКМК тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартылган, аларга карата сот органдары тарабынан эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жаза чаралары колдонулган адамдарга мүмкүн болгон катаал жазалар жеткирилди.

Related posts

Кыргызстанда УКМК жана ФСБ академияларына кабыл алуу башталды

admin

Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун атаандаштарын жерге чаап жаткан видеосун бөлүштү

admin

Токтогулда «капитан» кармалды. Ал мал уурдоого шектелүүдө

admin

Комментарий