Белбоо күрөшү боюнча курама команда Дүйнө кубогунда 5 медаль жеңди

Белбоо күрөшү боюнча курама команда Дүйнө кубогунда 5 медаль жеңди. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.

Кыргыз Республикасынын белбоо күрөшү боюнча курама команда Екатеринбург шаарында (Орусия) өткөн Дүйнө кубогунда 5 медаль (3 алтын, 1 күмүш, 1 коло) жеңди.

62 килограммга чейинки салмакта Дооронбек Сапанов, 75 килограммга чейинки салмак категориясында Мыктыбек Өмүрзак уулу жана 82 килограммга чейинки салмак ченинде Эсенбек Кудайбердиев алтын медалга ээ болушту.

Муктарбек Мыктыбеков 90 килограммга чейинки салмакта күмүш медалга ээ болсо, 75 килоргаммга чейинки салмакта Дурсунбек Көлбаев 3-орунду ээлеген.

Мелдеш 15-17-декабрь күндөрү болуп өттү. Курама команда башкы машыктыруучу Жеңишбек Токтоназаровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Related posts

Токойлорду жана жайыттарды калыбына келтирүү. Кыргызстанда маалыматтык кампания өттү

admin

КРСУда «Кытай заманбаптык жолунда» аттуу эл аралык конференция өттү

admin

12-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий