КР УКМК: Жасалма акча таратуу менен алектенген жасалма акча жасоочулар кармалды

   УКМК тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жасалма чет элдик валюта банкнотторун таратуу фактысы аныкталды.
   Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин алкагында соттук-техникалык экспертиза жүргүзүлүп, натыйжада жүгүртүүдө жасалма чет элдик банкноттор пайда болгонун тастыктаган корутунду алынды.
   Бул боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, натыйжада Кыргыз Республикасынын жарандары М.И.М. жана С.К.Д. жасалма акчаларды сатуу жана ага ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында эски автоунааларды сатып алуу жана сатуу бизнесин уюштургандыгы жана төлөмдөрдү жасалма чет элдик банкноттор менен жүргүзүшкөндүгү аныкталды.
   2025-жылдын 13-январында аталган жарандардын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ири өлчөмдөгү чет элдик жана улуттук валютадагы банкноттор алынып, алар соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.
   М.И.М. жана С.К.Д. аттуу жарандар кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
   Учурда КР УКМК жогоруда аталган мыйзамсыз иштерге тиешеси бар башка адамдарды, ошондой эле жасалма акчалардын  келип чыгуу булактарын аныктоо боюнча иш-чараларды улантууда. 

Related posts

УКМК: Жалпы аянты 28 143,27 чарчы метр болгон Кант шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы (автостанция) мамлекеттин менчигине кайтарылды

admin

Кыргызстандыктар жаңы жылда 8 күн катары менен эс алат

admin

«Акчаңызды 2 эсе көбөйтүп беребиз» дегендердин башчылары кармалды

admin

Комментарий