«Мындан ары «мыйзамдагы ууру» деген болбойт». Ташиев бир криминал баш көтөрсө, башын кыя чабарын айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө мындан ары «мыйзамдагы ууру» болбой турганын айтты.

«Мен кечээ өлтүрүлгөн кримтөбөлдүн тегерегиндегилерге эскертем. Эгер кимдир бирөө коомго каршы башын көтөрсө же мыйзамга каршы нерсе кылышса, мыйзам боюнча катуу жазаланат. Бир криминал баш көтөрсө, башын кыя чабабыз! Сөз берсем, аны аткарам. Мыйзамды бузбагыла. Мындан кийин биздин өлкөдө «мыйзамдагы ууру», уюшкан кылмыштуу топтун лидери, топ деген болбойт. Кимде-ким топ түзүүнү кааласа катуу жазаланат. Муну эстеп койгула»,- деди ал.

Related posts

Ташиев Бишкекте ички иштер бөлүктөрүнүн майрамдык саптык кароосуна катышты

admin

УКМК Ошто билим берүү мекемелеринде корррупциянын алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү 

admin

Милиция: «Балдарды уурдоо боюнча жалган маалымат тарап жатат»

admin

Комментарий