УКМК: Экстремисттик материалдарды даярдап, тараткан Өзбекстандын жараны аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК жана Ош облустук ИИБ тарабынан интернет тармагына мониторинг жана талдоо жүргүзүү боюнча биргелешкен ыкчам иш — чаралардын жүрүшүндө «Инстаграм» жана «ТикТок» социалдык тармактарынын активдүү колдонуучусунун баракчаларында экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү материалдар боюнча маалымат алынган.

Аталган факт боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинде («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, анын алкагында тийиштүү экспертиза жүргүзүлгөн, жыйынтыгында бул материалдар Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган ((Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими, 13-февраль, 2015-жыл) «ИМ» ЭТУга тиешелүү деп табылган.

 Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында соц.баракчанын колдонуучу Өзбекстан Республикасынын жараны 1997-жылы туулган Ш.Н.Ш. тарабынан социалдык тармактар аркылуу динчил аялдардын баш кийими – «никаб»  сатылып, аудио коштоосунда жихадчылык мүнөздөгү «нашиддер» жарнамаланган.

Related posts

Милиция улакчынын өлүмү боюнча териштирүү ишин баштады

admin

Баткенде аскер кызматкерлерине курулган үй колдонууга берилди

admin

Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону болду

admin

Комментарий