Россия АКШнын жаңы бийлиги менен Украина боюнча диалогго ачык

Россия АКШнын жаңы администрациясы менен Украина жаңжалы боюнча диалог жүргүзүүгө ачык. Бул тууралуу президент Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин ыкчам жыйынында билдиргенин.

Кебинин урунттуу учурлары:

Россия АКШнын бир дагы администрациясы менен эч убакта диалогдон баш тарткан эмес;

Россия Трампты кызматка киришүүсү менен куттуктайт;

Украинадагы абалды жөнгө салуу кыска убакытка элдешүүнү эмес, тынчтык орнотууну көздөшү керек;

Украинада тынчтык орнотуу аймакта жашаган адамдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын сыйлоого негизделиши керек;

Москва Трамп менен анын командасынын билдирүүлөрүнөн Россия менен түз байланышты калыбына келтирүү каалоосун көрүп жатат;

Москва Трамптын үчүнчү дүйнөлүк согушту болтурбоо үчүн бардык аракеттерди жасоо керек деген сөзүн кубаттайт.

Related posts

Камчыбек Ташиевге кол салуу болгондугу тууралуу маалымат фейк экени маалымдалды

admin

Бишкекте муздан тайып кулаган 43 адам дарыгерлерге кайрылды

admin

ӨКМ кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты 

admin

Комментарий