Шаарды тегерете жол салуу. ЖКда тыгын маселесин чечүү үчүн сунуштар айтылды

 Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бишкектеги тыгын көйгөйүн чечүү үчүн бир нече сунуш айтты.

Анын негизгилеринин бири — шаарды тегерете жол салуу. Бул үчүн 47 чакырым жол жана 9 жаңы көпүрө салуу керек. Долбоордун наркы 110 миллион сом болору пландалууда.

Мындан тышкары, ал жол чыракка карабастан оңго бурулууга уруксат берүү керектиги айтылды.

«Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде БАЭде жана Россияда, светофорго карабастан оңго бурулууга уруксат берилет. Мындай мүмкүнчүлүк биздин айдоочулар үчүн да керек», — деди Маматалиев.

Ал эми Бишкек мэри Айбек Жунушалиев 25-январдан баштап 21 көчөнүн кесилишинде «акылдуу светофорлор» пилоттук режимде иштеп баштаарын белгиледи. Анын айтымында, алар жасалма интеллектинин жардамы менен тыгынды азайтууга салым кошот.

Эске сала келсек, аталган токтомдо Бишкек жана Ош шаарларындагы транспорттук тыгындарды азайтуу боюнча чаралар сунушталган.

Related posts

Маданият министрлиги «Азаттыктын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылды

admin

Жалал-Абадда 14 жаштагы өспүрүмдүн дайынсыз болуп жатканына 10 күн болду 

admin

Эми дагы бир тапшырма бар, — Камчыбек Ташиев базарлардагы контейнерлер боюнча

admin

Комментарий