Нидерландыда 613 күн коронавирус менен ооруган адам көз жумду

Эң узакка созулган COVID оорусу Амстердамда катталды. Коронавирус 1,5 жылда 50 жолу мутацияланган. 

Пенсионер 2022-жылдын февраль айында Omicron штаммы менен ооруп, Амстердам университетинин медициналык борборунда дарыланган. Ооруканага жаткырылганга чейин адам инфекцияга каршы бир нече жолу эмделген, бирок антителолор иштелип чыккан эмес.

Эркек киши коронавирус жуктурганга чейин жүлүн оорусу менен ооруп келген. Кесепетинен анын оорусу лейкоз оорусуна өтүп кеткен. Анын организми мутацияланган коронавирус менен күрөшө албай калган. 

Бейтап 2023-жылы күзүндө каза болгон. Бул окуяны изилдеген окумуштуулар аны дүйнөдөгү эң узакка созулган коронавирус оорусу деп аташкан. Алардын айтымында, бул бейтаптын мутацияланган вирусу жугуштуу эмес болуп калган. 

Related posts

Эркиндикти туу тутканбыз. Президент Адам укугун коргоо күнүнө карата кайрылды

admin

Бишкекте жаңы турак жай кварталынын пайдубалы түптөлдү

admin

Жалал-Абадда мейманкананын алдында болгон мушташ боюнча 4 жигит кармалды

admin

Комментарий