2025-жылдын 23-январында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин тапшырмасынын негизинде КР Тышкы иштер министрлигинде жетекчилердин жана кызматкерлердин катышуусунда координациялык кеңешме болуп өттү.
Аталган иш-чара коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн катаалдашкан кылмыш жазасына байланыштуу уюштурулуп, анда катышуучуларга кабыл алынган «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамынын ченемдери түшүндүрүлдү.
Алсак, КР УКМК кызматкерлери тарабынан жыйындын катышуучуларына коррупциялык кылмыштарга күнөөлүү деп табылган адамдар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө өмүр бою тыюу салуу боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жеткирилген:

  • коррупциялык кылмыштар үчүн айып пулдарды толугу менен алып салуу (мисалы, мыйзамсыз баюу үчүн 300-500 миң сом айып пулдун ордуна эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу мөөнөтү болот);
  • эгерде кызматкер, анын жубайы/жолдошу же жакын туугандары оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылса, мамлекеттик кызматка кабыл алуудан баш тартуу;
  • эгерде жаран коррупциялык кылмыш үчүн күнөөсүн мойнуна алып, ордун толтурса, анда ал ушул берене боюнча эң көп дегенде жарым мөөнөткө эркинен ажыратылат.
    Кеңешменин алкагында белгиленгендей, республиканын жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупциялык көрүнүштөрдү абсолюттук жоюу милдети коюлган. Ушуга байланыштуу чогулгандарга коррупцияны жүзөгө ашырууга же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол бербөө жөнүндө эскертилген.
  • Коррупциялык фактылар аныкталган учурда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жаңы кабыл алынган түзөтүүлөргө ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттолгон адамга белгилүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө өмүр бою тыюу салынып, күнөөлүү адамга карата мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтуруп берүү менен эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза милдеттүү түрдө колдонулат.
  • Ошол эле учурда, КР ТИМине бул маалыматтарды Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жетекчилерине жана кызматкерлерине да жеткирүү сунушталды.

Related posts

Экс-министрдин жубайы Салтанат Нукенованын өлүмү. Экинчи шектүү да камакта калтырылды

admin

УКМК төрагасынын кубогу үчүн командалык спорттун түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада башталды

admin

Эч качан терезеден секирбеңиз! Жер титирөө учурунда эмне кылуу керек?

admin

Комментарий