Кыргызстандын аскердик контингенти Москвага парадга кетти

2025-жылдын 24-апрелинде Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин «Кант» авиациялык базасы аркылуу КР Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын параддык эсеби Совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу жеңишинин 80 жылдыгына арналган аскердик парадда Москва жана ошондой эле Беларусия Республикасынын Минск шаарларына учуп кетти, ал Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн көрсөтөт.


Бул ардактуу милдет, алардын саптык даярдык деңгээлин эске алуу менен Улуттук гвардиянын аскер кызматчыларына, тактап айтканда Ардак кароол ротасына жүктөлгөн.
Калыстык үчүн айта кетчү нерсе, бул гвардиячылардын Кыргызстандан тышкары катышкан биринчи парады эмес.
Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасы Пекиндеги, Москвадагы жана Минскидеги аскердик параддарга катышып, парад көрүүчүлөрүн суктандырып, параддын командачыларынан мыкты бааларды жана жоопторду алып, ар дайым мыкты саптык даярдык жана түздөнүү жактарынан өзгөчөлөнүп келген.
Москва жана Минск шаарларында биздин гвардиячылар Кыргызстанды жана анын Куралдуу Күчтөрүн татыктуу көрсөтөт деп ишенебиз.
Ак жол жана аскердик парадда ийгиликтүү өтүүңүздөрдү каалайбыз.

Related posts

Бишкекти каптаган кара түтүн кайтып келеби? Бакыт Төрөбаевдин жообу

admin

Министрлер кабинети Камбар-Ата-1 ГЭСине инвесторлорду чакырды

admin

УКМК «Дед Хасан» кылмыштуу топтон баш тартканын айткан. Анын депутат уулу үн катты

admin

Комментарий