«Азия Моллдо» бомба бар деп жалган кабар берген 18 жаштагы жаран кармалды

Бишкек шаарында «Азия Моллдо» бомба бар деп жалган кабар берген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

«25-январь күнү саат 17:34 чамасында, 102 кызматына «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, аймакта жардыргыч заттар аныкталган эмес», — деп жазылат билдирүүдө.

Аталган факт боюнча менен кылмыш иши козголуп, 2007-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалды.

Related posts

Президент куран окуу боюнча сынактын жеңүүчүсү Мухамадали Умаров менен жолукту

admin

КР УКМК: Өзгөн районундагы жер тилкелерин мыйзамсыз саткан кызмат адамдары кармалды

admin

Оштон кыз ала качкан жигиттер Кара-Кулжадан кармалып, камакка алынды

admin

Комментарий