Казакстандын депутатынын зомбулук боюнча кайрылган аялдарды да камоо сунушу талкуу жаратты

Казакстан парламентинин депутаты Амантай Жаркынбек 26-сентябрда Мыйзам жана соттук-укуктук реформа боюнча комитеттин жыйынында үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу күйөөлөрү камалган учурда, жабыркаган аялды да камоону сунуштаган.

Бул билдирүү социалдык тармактарда резонанс жаратты. «Биздин мыйзамда «чагымчы» деген түшүнүк бар. Мындай учурда аял дагы жоопкерчиликке тартылышы керек. Бир кишилик камерада эркек кишини 15 суткага кармоонун кажети барбы? Аны күнөөлүү деп табышса, аялын дагы бир кишилик камерага камоо керек. Үй-бүлөлүк милдеттерди тең бөлсөк, көп көйгөйлөрдү көзөмөлдөй алмакпыз», — деген депутат.

Related posts

6-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Муслим, Мухлиса, Мухаммед. Чүйдө 3 эм төрөгөн энеден кабар алышты

admin

Бишкекте 22 жаштагы кыздын бөйрөгүн бекер алмаштырышты (сүрөт)

admin

Комментарий