ТИМ Америкада жүргөн кыргызстандыктарды мыйзамды так сактоого чакырат

 Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарында жүргөн кыргызстандыктарды мыйзамдарды так сактоого чакырат.

Ведомстводон маалымдашкандай, АКШнын миграциялык саясатындагы учурдагы өзгөрүүлөргө байланыштуу өлкөнүн расмий бийликтери чек арадагы мыйзамсыз иммиграцияны токтотуу жана өлкөдө мыйзамдуу негизи жок адамдарды аныктоо боюнча чараларды көрүүдө.

ТИМ АКШнын аймагында жүргөн же бул өлкөгө барууну пландаштырган Кыргызстандын жарандарына миграциялык мыйзамдардын жаңы жоболорун так сактоону жана өлкөдө жүрүү статусун тастыктаган бардык керектүү документтерди дайыма жанында алып жүрүүнү сунуштайт.

Министрлик АКШда жүрүү боюнча кошумча суроолор пайда болгон учурда төмөнкү номерлер аркылуу Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигине жана Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылууңуздарды өтүнөт:

Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилиги

2360, Massachusetts Avenue, NW, Washington D.C. 20008

kgconsulate.washington@mfa.gov.kg

+1 202 256 2924

+1 202 449 9823; +1 202 449 9822

Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу

100 North LaSalle Str., Suite 1610,Chicago, IL 60602

kgconsulate.сhicago@mfa.gov.kg

+1 312 929 34 42

+1 312 994 24 16

Related posts

КР УКМК: Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө камактагылардан опузалап акча талап кылууга көмөктөшкөн Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кармалды.

admin

Дүйнөнү жакшыга өзгөрткөндөр үчүн жаңы кино-сыйлык бериле баштайт

admin

«Күн сайын адамдар чөгүп жатат». Казак өкмөт башчысы коңгуроо какты

admin

Комментарий